Катаракт: жапкыч аркылуу кароо

Катаракт: жапкыч аркылуу кароо

“Карылык сыяктуу, качып кутула албайсың”,- ал жөнүндө ушундай дешет.

Катаракт – көздүн чечекейин тунарткан, жаш куракка (улгаюуга) байланыштуу ооруу. Акыйкатчылык үчүн белгилеп өтөлү, тубаса катаракт да болот, ошондой эле көздүн жаракат алуусунан же көздүн ичиндеги сезгенүү процессинен улам чечекейдин тунарышы мүмкүн.

Бирок, баары бир 90% учурда катаракт организмдин жаш өзгөчөлүгүнө жараша өзгөрүлүүсүнөн улам өнүгөт – ал ар кимде өзүнчө пайда болот, ошон үчүн катаракт менен карыган гана адамдар эмес, айрым бир жумушка жөндөмдүү адамдар – 45-50 жаштагылар да кез келе берет.

Чечекейдин тунарышына жараша, башкача айтканда, катаракттын бышып жетилгенине жараша көрүү курчтугунун сапаты кайсыдыр бир деңгээлде төмөндөйт. Көрүү курчтугунун начарлашы, көз айнектин оңдоосуна баш ийбеген сүрөттөлүштүн даана көрүнбөшү – бул катаркттын негизги белгиси. Катаракты бар адамдар анын айланасы кандайдыр бир күңүрт, ачык эмес болуп калганын айтышат. Ошондой эле катаракттан улам жаркылдаган жарык чачкан булактардын айланасы таажы сымал тегерек жарыкка бөлөнүп, күңүрт фондо ак так пайда болгондой, чагылышуу болгондой сезилет, ача көрүнүп, түстөрдү кабыл алуу жана жарыкты сезгичтиги да өзгөрөт. Катаркттын кызыктай мүнөзү – бүркөлгөн аба ырайында жана күүгүмдө көзүнүн көрүүсү жакшырат.

Катаракттын “бышып жетилген мезгилинде” башта капкара көрүнгөн көздүн кареги бозоруп же саргарып бараткандай түскө ээ болот, ал эми өтүшүп, шишип кеткен катарактта карек агыш-сүт сыяктуу көрүнүп калат. Шишиген чечекей көздүн ичиндеги суюктуктун бөлүнүп чыгуусун бузуп, анын натыйжасында, катаракттын катуу сезгенүүсүн – экинчи даражадагы глаукоманы пайда кылат.

Катаракттан улам көрүү акырындап начарлай берет, мына эмне үчүн көпчүлүгү жылдап өз дарты жөнүндө эч нерсе билбейт. Мына ошондуктан, ар жыл сайын алдын ала профилактикалык текшерүүдөн өтүшү маанилүү.

Катаракт – кайра кайтарып алгыс процесс, дары-дармектин жардамы менен чечекейдин тунуктугун кайрадан кайрып алалбайсың! Катарактты дарылоонун бир гана жолу – хирургиялык операция – интраокулярдык линзаны (ИОЛ) орнотуу менен (имплантация) катарактыны ультраүндүү факоэмульсификациялоо. Ал көздүн тунарган чечекейин алып таштап, жасалма чечекейге алмаштыруу менен тыянакталат.

Бул медицинада эң бир коркунучсуз жана натыйжалуу операциялардын бири: көп учурларда операциядан кийин эле көрүү толугу менен калыбына келип, апыртып айтпасак да, адамдар ааламды жаңыдан көрө башташат! Анан да ультраүндүн этият таасир этүүсүнөн улам оорутпаганынын өзү кубандырат, жана да 10 эле мүнөттү алат.

Өз маалында жасалган операциядан кийин көрүү 100% калыбына келет!

Комментарии (0)

Нет комментариев

Оставьте свой комментарий

  1. Вы комментируете как гость
0 Characters
Вложения (0 / 3)
Share Your Location