Конъюнктивит – «болезнь склеенных ресниц»

Конъюнктивит - «кирпиктин желимделген ооруусу»

Эгер эртең менен сиздин кирпиктериңиз түз маанисинде эле чапталышып калса, анда эң так диагнозконъюнктивит. Ал эң эле көп жайылган көз ооруусу!

Конъюнктива – кабактын ичин жана көз алмасынын сырткы бетин каптаган жука тунук чел (пленка). Ал көздү микробдордон сактайт жана көздүн жашын чыгарып турат. Көздүн былжыр челинин сезгенүүсү же жугуштуу ооруудан (инфекция) же аллергиядан, кээде – көздүн физикалык же химиялык дүүлүгүүсүнөн улам келип чыгат.

Инфекциялык конъюнктивиттин күнөөкөрлөрү көбүнесе бактериялар, вирустар, кээде – “грибоктор” жана хладимиоздор болот. Ооба, акыркы айтылган микробдор үчүн – жан дүйнөнүн күзгүсү болгон көз – адаттан тыш жашаган жашоо чөйрөсүнө кирет, бирок, бассейндерде жана коомдук мончолордо “жашагандарды” (микробдор) деле көзгө жабыштыра айтып койсо болот. Андыктан, эгер офтальмолог «хламидиоз же гонорея конъюнктивити» деген диагноз койсо – ал адашкан жок!

Вирустук конъюнктивит көпчүлүк адамдарда суук тийүүдөн же грипттен улам пайда болот. Вирустук конъюнктивиттердин ичинде герпес конъюнктивити өтө өзгөчөлүү келип, дайыма андан ары кабылдап кетет.

Анын көптөгөн себептерине карабай, конъюнктивиттин белгилери негизинен бирдей эле болот. Бул – көздүн жана кабактын кызарышы, кабакты жана жалпы эле шишик басат, жаш агат, көз ачышып, сайгылашат, жарыктан уялат, көз оордошкондой, кабатынын алдына кум кирип кеткендей сезиле берет, а эгер сезгенүү бактерияларды пайда кылса – анда көздөн былжырлуу ириң бөлүнүп чыгат, көбүнчө эртең менен, мына ошондуктан кирпиктер чапташып, көздү ачуу кыйынга туруп калат.

Аллергиялык конъюнктивитте көбүнчө көз жана кабак кычыштырып, чүчкүрүп жана мурундан суу куюлуп баштайт.

Көздүн бирөөсү же экөөсү тең конъюнктивит болуп калышы ыктымал, адатта, сезгенүү бир көздөн башталып бир же эки күндө экинчи көзгө өтөт.

Элде конъюнктивитти анчалык деле олуттуу ооруу катары көрүшпөй, өзү эле айыгып кетет деп коюшат. Бирок, аны анчалык эле зыянсыз деп айтууга болбойт. Конъюнктивиттин дээрлик баары (аллергиялыктан башкасы) – жугуштуу экенинен баштайлы! Бактериялык – байланыш жолу аркылуу жугат (көздү укалап – ошол колуң менен эшиктин туткасын кармап ачсаң эле – башкаларга жуктурасың), а вирустук – байланышуу жана аба-тамчылары аркылуу жугат, керек болсо, бейтаптын бүтүндөй жамаатында эпидемия да пайда болуусу ыктымал.

Конъюнктивитти тоготпой коюуга болбойт, жада калса, дарылангандан кийин да деле оор саркындысы калышы мүмкүн. Көбүнчө увеит (көздүн чел тамырынын сезгенүүсү), ирит (көздүн карек айланасындагы челинин сезгенүүсү) жана кератит (көздүн тунук кабыкчасынын сезгенүүсү) ушул коньюктивиттен башталат! Ошондой эле өз алдынча дарылануу жарабайт, эмесе дарттын курч формасы өнөкөткө айланып, акырында көрүү биротоло бузулат.

Офтальмологго өз учурунда кайрылуу жана дарылануу менен конъюнктивиттен 4-7 күндө толук айыгууга болот, ал эми өтүшүп кеткенде бир айга чейин дарыланыш керек болот.

Комментарии (0)

Нет комментариев

Оставьте свой комментарий

  1. Вы комментируете как гость
0 Characters
Вложения (0 / 3)
Share Your Location