Кургак көз синдрому – олуттуу ойлонтуучу оору

Кургак көз синдрому – олуттуу ойлонтуучу оору

Бир күндө эчен жолу көзүңдү сүрткүлөй (ушалоо) бересиң, себеби ал тез эле чарчап кетет, көз дайыма эле кургак сыяктанып, нымдуулугу жетишпей турат, катуу жарыкка да карай албай уяла бересиң, үңүлө кароодон көз кызарып чыгат, күйгөндөгүдөй же кескендегидей сезим пайда болобу? Демек, сизде “кургак көз синдрому” (“синдром сухого глаза” ССГ).

Биздин компьютердик кылымда ар түркүн гаджеттерди көз албай тиктөөдөн ССГ (илимий аталышы - ксерофтальмия) ар бир экинчиде учурайт, керек болсо балдарда да! Таң калыштуу деле эмес, ар дайым үңүлө кароодон улам көздүн коргонучу начарлай берет да.

Көздүн саламаттыгын сактоо үчүн жана өзүбүздүн даана көрүүбүз үчүн биз... кирпиктерди ирмейбиз! Ар бир ирмөө, бир мүнөттө 14кө жакын, биз жаштын жука чел кабыгын суулайбыз. Бул – биздин көзүбүздү коргогонубуз. Бул коргоо кадимкидей иштеши үчүн, көз жетишээрлик өлчөмдө жаш чыгарып турушу керек – анын составында муцин (былжыр), липид (май) жана суу туптуура бөлүктөрдөн (пропорция) турушу ылаазым.

Биз экрандан көз албай жана үңүлө тиктегенибизден улам, кирпигибизди демейдегиден 3-4 эсе аз ирмейбиз, ошондон улам көз кургап кетет. Ар дайым үңүлө кароо – ССГнын эң эле көп кездешүүчү, бирок бирден бир себеби болот. Жаштын жука чел кабыгынын “душмандары”, цивилизациянын “жыргалдарынын” ичинде да бар: имараттагы кондиционер кургаткан аба жана тамекинин коюу түтүнү, шаарда пайда болгон ыш...

Биздин доорубуздагы дагы бир модалуу агым – майсыз, мүнөздөп тамактануу (диета) да ксерофтальмияга алып келет (сиздер билгендей, көз жашынын бир компоненти - май). ССГнын дагы бир себеби – гормоналдык мүчүлүштүк, өнөкөт оору, айрым дарыларды ичүү, көзгө операция жасоо, контакт линзалары (өзгөчө, аны көп убакыт бою тагынып жүргөндө), глаукома сыяктуу көз оорулары.

ССГ көбүнчө карыган адамдарда кездешет – өткөн жылдар жаштын жука чел кабыгын аябайт. Кызыгы, улгайган бейтаптардын көздөрүнүн ткандарынын түзүлүшүндө болгон өзгөрүүлөрдөн (патологиялык) улам көздөрүнөн...жаш ага берет! Муну оңой эле түшүндүрсө болот: көздөн өтө көп жаш агышы, анын “начар сапатын” толуктагысы келгени, мындайча айтканда, үч компоненттин биринин жетишсиздигин билдирет.

Кургак көз синдрому – бул, көздүн жөн эле чарчанышы эмес, өтө эле олуттуу көйгөй, көздүн көрүүсүн начарлатып жана көздүн тунук кабыкчасын кайра айыккыс зыянга учуратат. Ал эми ксерофтальмиянын айрым белгилери (симптому) көздүн башка оор ооруларына да окшоп кетет.

Мына ошондуктан, эгер сиз ССГнын жогоруда саналып өткөн бардык симтомдорун байкасаңыз, өзүңүзгө өз алдынча диагноз коё бербеңиз! Жаңы заманбап жабдыктар менен көзгө диагноз коюлушу керек, анын жыйынтыгы менен офтальмолог көздүн кургактыгынын себебин тактайт жана катасыз туура дарылоону сунуштайт.

Комментарии (0)

Нет комментариев

Оставьте свой комментарий

  1. Вы комментируете как гость
0 Characters
Вложения (0 / 3)
Share Your Location