Катарактты алып таштоо операциясы кандайча жүрөт

Катарактты алып таштоо операциясы кандайча жүрөт

Көздөн катаракттын жапкычын алып таштоо операция жолу менен гана жүргүзүлөрүн бүгүн баары билишет. Чечекейдин бозорушунан жапа чеккен улгайган адамдар дал ушул катаракттын жапкычын алып таштоо операциясы деген сөздөн өтө коркушат, анткени алар организмге наркоз оорчулук келтирип, кесүүдөн жаралган ооруу менен коштолот деп ойлошот.

Бирок, катарактты алып таштоо үчүн жасалган заманбап операция – интраокулярдык линзаны (ИОЛ) орнотуу менен (имплантация) катарактыны ультраүндүү факоэмульсификациялоо – бул он мүнөттүк процедура, андан соң көрүүнүн ордуна келиши тездик менен жана жетишээрлик ыңгайлуу жүрөт!

Албетте, катаракт боюнча операцияны жогорку категориядагы офтальмологдор, катаракт хирургиясы боюнча адистер жүргүзүшү керек.

Тунарган чечекей аярлык менен ультраүн менен дээрлик суюктукка айланганга чейин майдаланат, мына ушулардын баары түтүккө сорулган коктейл сыяктуу 2 миллиметрлик кичине микро-кесиндиден чыгарылып алынат. Андан соң баары кылдаттык менен тазаланып жуулат.

Ушул микро-кесинди аркылуу көзгө “түтүккө” оролгон интракулярдык линза (ИОЛ) орнотулат, ал калыптандыруу эс тутумуна ээ. Көздүн ичинде, өзүнүн сапаты боюнча табигый чечекейге окшогон бул тунук материалдан турган тегерекче өз алдынча айланып-тегеренип жана ишенимдүү багытталат. Микро-кесинди аягында өзү эле тартылып бүтөлүп калат.

Эч тигиши жок! Операция маалында оорууну басаңдатуучу көз тамчылатмалардын жардамы менен бейтап эч кандай ооруксунууну сезбейт. Баары 10 эле мүнөттүн ичинде, көзүнө операция жасалып жатканда, бейтап “тигил же бул жакты кара” деген врач менен сүйлөшө берет.

Дээрлик, операциядан кийин эле бейтап көзүнүн көрүп калганын айтат.

Он миңдеген улгайган кыргызстандыктар катаракт жапкычынан көздүн заманбап жогорку технологиялык операциясынын жардамы менен арылышты!

Комментарии (0)

Нет комментариев

Оставьте свой комментарий

  1. Вы комментируете как гость
0 Characters
Вложения (0 / 3)
Share Your Location