Как остановить потерю зрения при диабетической ретинопатии

Диабет ретинопатиясында көрбөй калууну кантип токтотууга болот

Кант диабети менен ооругандарда улам жыл өткөн сайын диабеттик ретинопатия сөзсүз түрдө күчөй берет: Көп убакыттар бою кандагы канттын жогору болушунан улам көз торчосун кан менен жабдуучу тамырлардын капталдары морт болуп, өткөргүчтүгү күчөйт. Алар канды туура жеткире албай калат, кайсы бир бөлүгү куюлуп кетип, торчонун ар жерине кан уюп жана тери астына сарыгып шишикти пайда кылат.

Алгач анда-мында кан куюлуп кетүү менен пайда болгон диабет ретинопатиясы торчонун катмарланышы жана айрылышына чейин алып барып, акыры сокурдукка чейин жеткирет.

Диабет ретинопатиясын эртелеп аныктоо үчүн диабетиктерге сөзсүз түрдө үзгүлтүксүз офтальмологдордун текшерүүсүнөн өтүп туруу зарыл. А эгер ретинопатия аныкталган болсо, анда кант диабетинен улам көрбөй калууну булар токтотууга жардам берет: торчону лазердик дарылоо (лазердик коагуляция), дары-дармектерди интравитреалдык (айнек сымал телого) салуу жана көздүн витреоретиналдык операциясы.

Торчону лазердик коагуляциялоо учурунда лазер нуру түзсүз тунук заттардан өтүп, торчонун керектүү жерине кирет – көздүн тунук кабыгына, алдыңкы боштуктун (камера) нымына, айнек сымал зат жана чечекейге – ткандарды эч зыянга учуратпай жана бир да кесиндисиз. Лазер кан куюлуусун токтотуп, жаңы пайда болгон тамырларды коагуляциялайт (жамоо), торчодогу кан айланууну жакшыртат.

Көзгө жасалган башка бардык лазердик операциялар сыяктуу эле, торчонун лазердик коагуляциялоо (жамоо) оорутпай жана 10 мүнөттөн ашпайт, ал эми жарым саат өткөндө бейтап үйүнө кете берсе болот. Анткен менен диабет ретинопатиясында лазердик кийлигишүүнүн бир эле сеансы жетишсиз: аралыгы бир айдан кем эмес убакытты алган 3-4 жолку сеанс керек.

Диабет ретинопатиясында лазердик дарылоо абдан натыйжалуу экенине карабастан, өзгөчө анын баштапкы стадиясында, айрым бир диабетиктерге көрүүсүн сактап калуу үчүн көзүнө витреоретиналдык операция жасоо керек.

Витреоретиналдык хирургия, мындайча айтканда торчонун жана айнек сымал телонун хирургиясы – бул, заманбап, технологиялык кемчиликсиз жабдуулар жана жогорку квалификациялуу адистерди талап кылган көз микрохирургиясынын эң бийик чекке, көккө жетүүсү!

Комментарии (0)

Нет комментариев

Оставьте свой комментарий

  1. Вы комментируете как гость
0 Characters
Вложения (0 / 3)
Share Your Location