Кератит. Эмне үчүн көздүн нуру  өчөт?

Кератит. Эмне үчүн көздүн нуру өчөт?

Мына мындай, мааниси карама-каршы сөздөрдү уктуңуз беле: “Көзүнөн нуру төгүлүп” же “Көзүнүн нуру өчүп”? Көздү айнек сымал каптап турган тунук катмарынын үстүңкү бетинин нуру өчсө – бул, анын сезгенүүсү – кератит.

Кератит болгондо тунук катмар жашылданып, жылмакайлыгы жоголот. Бара-бара бул белгилер көздүн кызаруусу, көз алмасынын ооруксунуусу, блефароспазм (кабак тырышып түйүлөт), жарыктан уялуу, жаш агуу менен коштолот коштолот. Көз аябай жашылданып, анда жара пайда болуп жана сезгенүүдөн улам калыңдай баштайт.

Мындай сезгенүүнү бактериялар, вирустар жана ооруу таркатуучу микроорганизмдер, инфекция сырткы айлана-чөйрөдөн да, ошондой эле организмдин ичинен да пайда кылат. Көп учурларда биздин көзүбүздөгү микробдорду жууп салуучу жаш катмары жардамга келет, анда каптап турган тунук катмардын эпителийи бүтүн болуусу шарт. Анан калса, көздүн табигый нымдуулугуна жана карек катмарына кератит зор зыян келтириши ыктымал.

Мындай патологиянын биринчи категориясына: кургак көз синдрому, өнөкөт мейбомиит, өнөкөт блефарит, тирсек, трихиаз, кабактын түрүлүшү, дакриоцистит – жалпысынан, көздүн нымдалуусун, ирмелишин же кабактын жумулушун бузган оорулар кирет.

Көзгө бир нерсе түшүп кетүү, күйүк, контакт линзаларын тагынып жүрүү – булардын бардыгы тең кератитке жакындатуучу факторлор. Баса, дарылоого кыйын жана көздүн көп бөлүгүн жашылдандырып салуучу кератиттин эң оор түрү – акантамеб кератити – дайыма контакт линзасын тагынып жүргөндөрдө көп кезигет.

Үстүртөн кератит болууда, көздүн тунук кабыгынын сырты гана начарлап, адаттагыдай эле, анда эч кандай так калбайт, а айыккандан соң, көрүү баштагыдай эле курч бойдон калат. Ал эми тереңдеп, олуттуу кератитте көздүн тунук кабыгында көрүүгө зыянын тийгизген тактар кала берет. Мына ошондуктан, “кератит” деген диагнозго өтө олуттуу мамиле жасоо керек!

Бардык эле, өз убагында дарылабаган дарт сыяктуу, кератит да ашынып кетсе, артынан кератосклерит, кератоирит же кератоиридоциклит деген оорууларды алып келиши мүмкүн. Кератиттен дарылануудан кечиксе, керек болсо биротоло көрбөй калууга да алып келет! Сезгенүүнү токтото албай калган татаал учурда сөзсүз түрдө көздүн тунук кабыгын салдыруу керек.

Көпчүлүк учурларда жогорку адистештирилген дарылоонун натыйжасында, көрүүнү баштагы калыбында сактап калып жана сиздин көз нуруңузду кайтарып алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнү кубандырат!

Комментарии (0)

Нет комментариев

Оставьте свой комментарий

  1. Вы комментируете как гость
0 Characters
Вложения (0 / 3)
Share Your Location