LASIK – эффективная современная методика лазерной коррекции зрения. Быстро, точно и безболезненно

LASIK методу менен көрүүнү лазердик коррекциялоо

Бүгүн көз айнек же контакт линзаларын тагынгандардын баары көрүүнү лазердик коррекциялоо (түздөө) алардан биротоло кутултарын билишет. Бул операциянын жүрүшүндө көз кабыл алган жарыктын нуру торчого болушунча (оптималдуу) багытталуусу үчүн лазер, көздүн тунук кабыкчасынын формасын өзгөртөт.

Көрүүнү коррециялоонун (түзөтүү) бир нече ыкмасы бар, бирок дүйнөдө бул сыяктуу операциялардын көпчүлүгү LASIK (Laser-assisted in situ keratomileusis же лазердик интрастромалдык кератомилез) ыкмасы менен жасалат.

LASIK ыкмасына суроо-талаптын күчөшүнүн биринчи себеби – анын эң эле кеңири чөйрөдө колдонулушу: алысты көрө албоочулук 12 Dга чейин, жакынды көрө албоочулук 6Dга жана астигматизм 6Dга чейин. Бирок эң башкы себеп LASIKтин популярдуулугунда (белгилүүлүгүндө) – ыкмасынын өзгөчөлүлүгүндө.

LASIK – бул микрохирургиялык жана лазердик технологиялардын комбинациясында – айкалышуусунда. Алгач көздүн тунук кабыкчасынын үстүңкү катмарында микрокератоманын (LASIK) же фемтосекунддук лазердин (Femtolasik) жардамы менен өйдө көтөрүлүп, лазер нуруна кирүүгө жол ачып турган тунук кабыкчанын капкак сымал кесиндиси (“флэп” деп аташат) түзүлөт. Андан соң лазер тунук кабыкчага керектүү форма (калып) бергенден кийин кесинди капкак баштагы ордуна кыналып жана өз алдынча эле, тунук кабыкчанын өзгөчөлүгүнүн эсебинен (тунук кабыкчанын кан жүрүүчү тамырларына (эндоталий) капиллярдык керилүү жана сорулуу) “желимделип” калат. Анткени, кесинди бир чети менен баштагыдай эле тунук кабыкча менен байланышып турат, “капкакчанын” четтери башта кайсы жерде болсо, ошол жерге барып жабышат.

Операциядан кийин тигиш да, тырык да калбайт. Анан да тунук кабыкчанын үстүңкү катмары (эпителий) сөгүлүп (айрылып) кетчү ФРК ыкмасынан айырмаланып, LASIKте тунук кабыкчанын тышкы коргоочу катмары сакталып калат. Кыска убакытта, оорубай калыбына келүү мезгили жана жогорку жана туруктуу натыйжалары менен бул ыкма күчтүү деп эсептелинет.

Көздүн LASIK ыкмасы менен жасалган лазердик коррекциясы – бул 10 мүнөттүк оорутпаган дарылоо (процедура), бүткөн соң ошол замат эле үйгө кете берсе болот, ал эми 1-2 сааттан кийин – көз жакшы көрө баштайт. Ошол эле күндүн кечинде телевизор көрүп же окуй берсе болот, а коррекциянын эртеси – өзүнүн кадимки эле жашоо-тиричилигин эң сонун көрүү менен уланта берет, ал өмүр бою сакталат!

Комментарии (0)

Нет комментариев

Оставьте свой комментарий

  1. Вы комментируете как гость
0 Characters
Вложения (0 / 3)
Share Your Location