LASIK – эффективная современная методика лазерной коррекции зрения. Быстро, точно и безболезненно

ФРК ыкмасы менен көздү лазердик коррекциялоо

Көз айнек жана контакт линзаларынан биротоло кутулууга жана жакшы көрүүнү камсыздоого лазердик коррекциялоо жардам берет. Операция маалында лазер тунук кабыкчанын формасын өзгөртөт, а демек анын жарык нурларын чагылдыруучу жөндөмүн (рефракция) да өзгөртөт, муну менен, жарык нурлары кайсы жерге чагылышы керек болсо, дал өзүндө – торчодо чагылыша баштайт. Жыйынтыгында, бейтап жакшы көрө баштайт.

Көрүүнү лазердик коррекциялоо ыкмалары көп, анын эң биринчиси “фоторефракциондук кератэктомия» же кыскартканда ФРК болуп саналат.

ФРКда лазер нуру бир нече секундда эле тунук кабыкчанын сырткы катмарларын сөгүп, аны керектүү параметрлер (ченем) боюнча “жылмалап” жана “моделдеп”, туура фокуска жетүү үчүн тунук кабыкчага керектүү форма берет.

Лазер бейтаптын көзүнө алдын ала коюлган диагностиканын маалыматы жүктөлгөн компьютердик программа менен башкарылат. Бул болуп көрбөгөндөй тактык, а демек натыйжасы да жакшы болушу болжолдонот. Ыкманын артыкчылыгы ушунда.

Бирок, кемчиликтери да бар. Операция өзү оорутпаганы менен, кийинки 4-5 күндө, тунук кабыкчанын сырткы катмары айыгып, жаңы оптикалык ийилүү пайда болгучакты көздөн жаш агып оорутат.

Тунук кабыкчанын жараты толук айыгып, жагымсыз сезимдер кетмейинче, атайын жасалган жумшак эластика линзасы көзгө тагылат, ал сырткы “жаракатты”коргоочу катары кызмат кылат. Ошентип көрүү толук айыккандан кийин гана калыбына келет.

ФРК бул мааниде көрүүнү лазердик коррекциялоонун LASIK ыкмасынан жеңилээри шексиз. Себеби, LASIKте тунук кабыкчанын тышкы коргоочу катмары сакталып, ошону менен бирге кыска убакытта калыбына келүүсү (2-24 саатта) менен айырмаланат, бир аз эле ыңгайсыздыгы жана өтө тездик менен жакшы натыйжаларга жетиши – келерки эле күнү көрө баштаганынан улам күчтүү ыкма болуп эсептелет.

Бул жерде окурманда мыйзамдуу суроо туулушу ыктымал: Эгер LASIK болсо, анда ФРКнын эмне кереги бар?

ФРКнын канчалаган кемчиликтери болгону менен, артыкчылыктары да бар: андан кийин спорттун активдүү түрлөрү менен машыга берсе болот, себеби бул технология “клапан” (капкакча) жасабайт. Бирок, эң башкысы, ФРК – бул тунук кабыкчасы жука же туруктуу формада болбогон алыстан жакшы көрбөгөн көздү лазердик коррекциялоочу бирден бир мүмкүн болгон вариант. Жана анчалык жогорку даражадагы эмес миопияны жана татаал миопиялык астигматизмди коррекциялоодо ФРК эң мыкты натыйжаларды берет!

Мына ушул себептен лазердик коррекциянын эң алгач пайда болгон ыкмасы дагы деле болсо суроо-талапка ээ болуп келет. Эгер көз докдур сизге ФРКны сунуш кылса, демек, атайын сиз үчүн бул – көрүүнү жакшыртуунун эң сонун ыкмасы!

Комментарии (0)

Нет комментариев

Оставьте свой комментарий

  1. Вы комментируете как гость
0 Characters
Вложения (0 / 3)
Share Your Location