Күндүз жакшы көрүү үчүн түндө иштеген линзалар

Күндүз жакшы көрүү үчүн түндө иштеген линзалар

Эрте менен сиз көнүмүш адат менен эле көзүңүзгө көз айнек же контакт линзаларын тагынасызбы? А бирок, тескерисинче: уктап жатканда калыбына келтирүүчү линзаны эртең менен көздөн алып –көрүүңүз күнү бою эң жакшы болсочу! Келерки күнгө көрүүнү жакшыртып коё турган түнкү линзалардын уктап жатканда эч нерсеси байкалбайт, алар ортокератологиялык (орто-линза, ОКЛ) деп аталат.

Бул атайылап жасалган катуу линзалар жатаарга 10-15 мүнөт калганда кийилет да, эртең менен турганда – алынат, анын түнкү таасир берүүсү – көрүүнү жакшыртуусу – эртеси күнү, кечке чейин сакталат! Алардын уктап жатканда эч нерсеси сезилбейт жана көздүн кадимкидей “дем алуусуна” тоскоолдук жаратпайт. Киши терең уйкуда болот, ал эми түнкү линзалар анын көрүүсү үчүн иштеп турушат!

Орто-линзалардын иштөө принциби эң эле жөнөкөй: алар көздүн тунук кабыкчаларынын бүтүндүгүнө доо кетирбестен, берилген тапшырык менен анын формасын аяр өзгөртүп “моделдейт”, демек, анын керектүү туура фокуска жетишүүсү үчүн мүмкүнчүлүгүн да өзгөртөт!

Баса, көздү лазердик коррекциялоо (жакшыртуу) да көздүн тунук кабыкчасын түзөө принцибин колдонот, натыйжасы бирдей эле. Бирок, лазердик коррекциялоонун көрүүнү биротоло жакшыртканынан айрымаланып, түнкү линзалардын натыйжалуулугу (эффект) – толугу менен жакшы болбойт: бир нече күн эле (түн) аны колдонбой койсо, көрүү баштагы абалына келип калат.

Ортокератологиялык линзалар көздүн тунук кабыкчасынын формасын жана тоголокчосун атайын изилдөөдөн өткөргөндөн кийин – кератотопографиядан кийин тандалат. Ал тунук кабыкчаны жабыркатпай туруп анын формасын бир топ өзгөртүш үчүн орто-линза кандай болушу керектигин өлчөп чыгат.

Ортокератологиялык коррекциялоону 6 жаштан тартып алыстан начар көрүүнү 6 D га чейин жакшыртуу, астигматизм 1,5 D жана жакындан начар көрүүнү 3–4 Dга жеткирүүгө чейин жакшыртуу үчүн колдонсо болот. Бул инновациялык ыкма дал алыстан начар көргөн балдарга абдан туура келеринин бир нече себеби бар.

Биринчиден, орто-линзалар балдардын алыстан начар көрүүсүнүн өнүгүшүн басаңдатат. Экинчиден, түнкү линзаларды тагынган балдардын көрүүсү активдүү жана эң сонун эле сакталат, ошол эле маалда күнү бою таамай көрүүгө көздүн ийкемделиши (аккомодациялык аппараты) машыгат.

Ошондой эле түнкү линзалар курбалдаштарынын “көз айнекчен” деп шылдыңдаганынан кутултуп, балдарга психологиялык жактан жакшы маанай тартуулайт. Ал эми чоңдор болсо, көп жылдар бою көз айнекке жана чектеп койгон контакт линзаларына эптеп чыдап жүргөн болсо, эми ортокератология линзаларынын кадырын баалашат – көздөрдүн эркиндиги жана активдүү болуу бактысы үчүн!

Комментарии (0)

Нет комментариев

Оставьте свой комментарий

  1. Вы комментируете как гость
0 Characters
Вложения (0 / 3)
Share Your Location