Конъюнктивит – «болезнь склеенных ресниц»

Офтальмологияда эмнеге витреоретиналдык хирургия – өтө мыкты?

Айрым бир офтальмологиялык клиникалардын жарнамаларында “витреоретиналдык хирургия” деген фраза кезигет, анан да клиника ушунусу менен сыймыктанарына караганда, витреоретиналдык хирургия – бул, элде айтылгандай, чыны менен “чындыкка окшобогондой мыктылык”!

Ооба, чынында эле, витреоретиналдык хирургия – бул көз микрохирургиясында өзгөчө татаал багыт, бул анын көккө учуусу. Эмнеге андай экенин түшүнүү үчүн көздүн анатомиясын бир аз да болсо билиш керек.

Көздүн витреоретиналдык операциясы – бул көздүн арткы бөлүгүнүн ооруларын (патология) тезинен оперативдүүлүк менен дарылоо, тактап айтканда торчонун жана айнек сымал телонун хирургиясы.

Көз торчосу – анын түзүлүшүнүн эң маанилүүсү – ал нерв импульстарында сүрөттөрдү пайда кылып, анан мээнин көрүү нервдерине жиберет. Анын бет алдында желе сымал былжыр, түзсүз айнек сымал зат турат, ал арттагы торчого жарык нурларын өткөрөт, алар бири-бири менен тыгыз байланышта турат.

Кынтыксыз туптунук айнек сымал тело өз касиетин өмүр бою сактап тура албайт, торчого тыгыз кынапталып турушу анын бардык өзгөрүүгө учурашында кайсыдыр бир деңгээлде ага таасир этпей койбойт.

Торчолор жана айнек сымал тело – өтө эле жука жана аялуу түзүлүш, алар хирургдун колуна да илине бербейт, андыктан алар менен офтальмохирургдан кылдат, чебер иштөө талап кылынат. Мындай опеарцияларга ар кимдин эле тиши өтө бербейт. Бир гана бай тажрыйбасы бар жогорку деңгээлдеги профессионалдардын гана буга адистиги туура келип, алар “витреалдык патология боюнча адис” болушат.

Бул дагы микроинвазивдик, жогорку технологиялык хирургия, ал заманбап, технологиялык жактан кынтыксыз жабдууларды талап кылат! Витреоретиналдык көз операциясы тигишсиз ыкма менен аткарылат, үч булуңча аркылуу – ич жакка инструмент киргизүүчү үч микроскопиялык көзөнөк операциялык микроскоптун алдында иштетилет. Бул медицинада белгилүү, албетте өтө татаал, эң бир кылдаттык менен (филигрань) иштетилген технология.

Көбүнчө витреоретиналдык операция – бул көздүн кечиктирилгис операциясы, мында көздү көрбөй калуудан сактап калуу үчүн өтө тездик менен оперативдүү жасалат.

Витреоретиналдык хирургия – бир аз мурун эле эч натыйжа чыкпай турган үмүтсүздүк пайда болгон убакта, көрүү үчүн күрөшкө чыгуу! Бул факторлордун бардыгынын жыйындысынан улам көз алмасынын арткы бөлүгүнө жасалган операция микрохирургиянын эң бир туу чокусу болуп эсептелет. Бул, чыны менен эң сонун!

Комментарии (0)

Нет комментариев

Оставьте свой комментарий

  1. Вы комментируете как гость
0 Characters
Вложения (0 / 3)
Share Your Location