Катаракта (коз тунаруу) менен ооруган бейтап тардын эсине

Урматтуу бейтап!

Сиз Катаракта оорусуна байланыштуу дарыланууңуз керек. "Көз микрохирургиясы" Госпиталында операция ультраүндүү факоэмульсификация жолу менен жүзөгө ашырылат. Бул дүйнө жүзүндөгү клиникаларда колдонулуучу эң натыйжалуу жана заманбап ыкма болуп саналат. Биздин клиникада АКШ,  Германия жана Японияда жасалган заманбап жабдуулардын жардамы менен жогорку квалификациялуу хирургдар операция жасашат.

Катарактага байланыштуу бейтапты операцияга даярдоодо бейтап алгач жашаган жери же адистештирилген клиникаларда берилген тизмеге ылайык, жалпы ден-соолугу туурасында медициналык текшерүүдөн өтүшү зарыл.  Андан соң "Көз микрохирургиясы" Госпиталында анестезиологдун кеңешин алууга тийиш. Медициналык текшерүүлөрдүн жыйынтыгын ала келүүңүз зарыл.

Операцияга бир күн калганда белгиленген тартипте бекитилген баага ылайык "Көз микрохирургиясы" Госпиталынын кассасына акы төлөнүшү керек.

Ооруканага жатаардын алдында сиз операцияга макул экендигиңиз туурасындагы кагазга кол коесуз.

Операцияга чейинки даярдыктар жана операциядан кийинки дарылоо үчүн сөзсүз түрдө колдоно турган кээ бир дары-дармектер сунуш кылынат.

Операцияга чейин сөзсүз түрдө жакшы эс алуу, узак уйку керек.

Операция болор күнү эртең мененки тамакты ичсе болот жана күн сайын ичип жаткан дарыларды ичиңиз. Глаукомага байланыштуу тамчылатма дарыларды көзгө тамчылатууну операцияга чейин дагы, кийин дагы чектөөсүз кабыл ала берсеңиз болот.

Сиз клиникага өз убагында келишиңиз зарыл жана жаныңызда алмаштыруучу бут кийим, пахтадан токулган таза кийимдердин топтому (көйнөк менен шым) болушу керек.

Операция жергиликтүү анестезия астында, амбулатордук түрдө жүзөгө ашырылат. Талап кылынган убакыт 20-30 мүнөт. Операциядан соң 2 саат боюу «Көздүн микрохирургиясы» Госпиталынын операциядан кийинки бейтаптардын бөлмөсүндө дарыгерлердин кароосунда болосуз. Андан соң дарыгердин уруксаты менен үйүңүзгө чыгасыз. Сизди жетелеп, жардам

берүүгө келген адам күтүүчү залда күтүүсү кажет же операциядан бир нече сааттан кийин деле клиникага келсе болот.

Операциядан соң көзгө таңуу коюлат жана ал кийинки күнгө чейин алынбоого тийиш.

Операциядан кийин көздөгү таңуу розовый түстөгү суюктук менен нымдалып калуусу мүмкүн, бул кадимки эле көрүнүш – дарылардан жана жаштан улам болгон суюктук. Көзгө тамчылатуучу дарыларды колуңузга берилген көрсөтмөгө ылайык көзгө тамчылатуу керек.

Операция болгон күндүн эртеси эртең менен контролдук текшерүү жүргүзүлөт. Текшерүүдөн соң оорулуунун үйгө чыгуусу үчүн тиешелүү кагаздар толтурулат. Сиз колуңузга тамчылатып куюлуучу дарылар, башка кабыл алуучу дары-дармек (зарыл болгон учурда), доктурга келе турган кийинки сапарыңыздын датасы боюнча аныктаманы аласыз.

Ооруканадан чыккандан кийин сиз операция болгон көзгө дары тамчылатуу менен өз алдыңызча дарыланууну уланта аласыз. Же болбосо туугандарыңыздын жардамын сураңыз.

Колду самындап жууп, операция болгон көздүн ылдыйкы тарабындагы бетти ылдый тартуу менен пайда болгон көздөгү көңдөйчөгө дарыдан бир тамчы тамызуу керек. Бул учурда жогорку тарапты карап туруу зарыл. Көздү стерилденген бет аарчы менен аарчыгыла. Көзгө куюула турган дарыны башка дарылар менен алмаштырып албоо үчүн бөлөк сактоо зарыл.

Бардык тамчы дарылар бир күн ичинде үзгүлтүксүз, өз убагында, ар бир тамчы дары 1-2 тамчыдан 5-15 мүнөт тыныгуу менен куюлушу  шарт. Гэлди ар дайым акыркы иретте тамчылатуу зарыл. Сураныч, эгер мурда глаукомага байланыштуу дарыны колдонуп келген болсоңуз, аны тамчылатууну унутуп салбаңыз.

Көздү таңуу жана контролдук текшерүүлөр операциядан кийинки 1 ай аралыгында бекер болот.  Кызматтагы бейтаптар үчүн операция болгон күндөн тартып дарыланган убакытка чейин медициналык тастыктама баракчасы аркылуу өргүү берилет.

Көрүүнүн сапаты бир ай аралыгында өзгөрүшү ыктымал.

Суук мезгилдерде көчөгө чыканда көздү таза кебез-марлиден жасалган таңуу менен 10-12 күн таңып жүрүү зарыл. Жылуу мезгилдерде операциядан кийинки 2 күндөн соң таңууну алып салууга болот. Үйдө көздү таңбай деле койсо болот.

Жылуу суу менен чайынууга болот, бирок опреациядан кийин 5-6 күндөн кийин гана.

Биринчи күндөрү бетти таза нымдуу сүлгү менен сүртүү керек. Операциядан кийин 1 жумадан соң башты жууса болот.

Операциядан кийинки алгачкы күндөрү чалкадан же болбосо операция болбогон көз тарапкы капталдан жатуу сунушталат. Тамактануу кадимкидей эле. Операциядан кийинки алгачкы күндөрдө сиз кадимки иштер менен – тамак даярдоо, сыналгы көрүү, аз убакытка сейилдөө менен алектенсеңиз болот. Китеп, гезит окууга бир нече күндөргө чейин болбойт.

Операциядан кийинки бир ай ичинде зарыл болгон нерселер:

  • Буулуу мончого, бассейин, сууга түшүүнү токтотуу;
  • Спирт ичимдиктерин ичүүнү токтотуу;
  • Ашыкча физикалык күч келтирүү, тез кыймыл, секирүү жана жыгылуудан качуу;
  • Оор иштерди аткарбоо;
  • Чаң жерлерде болбоо;

Дарыгердин көзөмөлүндө болгон учурда операция болгон көздүн абалына жана айыгуусуна ылайык, дарыгер-офтальмолог дарылоонун мүнөзүн жана түрүн өзгөртүүгө укуктуу.

Тез арада сакайып кетишиңизди каалайбыз!

Комментарии (0)

Нет комментариев

Оставьте свой комментарий

  1. Вы комментируете как гость
0 Characters
Вложения (0 / 3)
Share Your Location