Глаукома – көрүүнү тымызын өлтүрүүчү

Глаукома – көрүүнү тымызын өлтүрүүчү

Көздүн өзгөчө тымызын жана коркунучтуу оорулары бар. Алар билинбей, эч сиптомсуз (белги) өрчүп, бирок жыйынтыгында көздүн көрүүсүн биротоло жок кылат. Анын жалпыга белгилүүсү – глаукома.

Глаукомада көздүн ичиндеги суюктуктун агып келүү жана агып кетүү балансы бузулат: суюктук топтолуп, көздөгү басым жогорулай баштайт, жыйынтыгында, көргөн маалыматты көздөн баш мээге өткөрүп берүүгө жооптуу нерв жабыркайт. Көрүүчү нервдин атрофиясы (сенек болуу) пайда болот (оптикалык нейропатия).

Көздүн көрүүсү акырындык менен начарлап, көбүнчө акыркы стадиясына чейин билинбей, биротоло сокур болуп калганга чейин эч симптомсуз (белги) жүргөн процесс болгондуктан – глаукоманы “көрүүнү тымызын өлтүргүч” деп аташат. Перифериялык көрүү (жалпактыктын бир бөлүгүн өз ичине алуучу туюк ийри сызык) бир нече айлар же жылдар бою адамга билинбей эле начарлай берет. Акыры, өнүккөн стадияга жеткен соң, көрүү аянты туннелдей (өткөөл) куушурулуп тарый берет (түтүктөй кылып оролгон кагаздан шыкаалагандай). Андан кийин кайтарылгыс сокурдук башталат. Белгилеп өтөбүз, булардын баары билинбестен жана акырындык менен болуп өтөт!

Антсе да, глаукоманын белгилери болот, жана өзүндө аны байкагандардын баары тезинен глаукомага комплекстүү текшерилүүдөн өтүшү керек. Глаукоманын пайда болуу коркунучу бар топко киргендердин баары андан өтүшү керек. Эч ким тымызын жайлаган бул глаукомадан камсыздандырылбаган, андыктан, андан сактануунун бир эле жолу бар – өз убагында текшерилүүдөн өтүш керек, ар бир адам бир аз жылдардын аралыгында бир жолу келип, офтальмологдон алдын ала профилактикалык текшерүүдөн өтүшү керек.

cicle 02 kg 02

Глаукомадан толук сакайтууга мүмкүн эмес. Көздүн көрбөй калуусун токтотуп, андан ары көрүүчү нервдин бузулуусунан гана сактап калууга мүмкүн. Глаукоманы дарылоону бир күн да коё турууга болбойт!

Дарылоонун негизги милдети – ВГДнын төмөндөтүү. Адатта, бул үчүн башында атайын глаукомага каршы көз тамчылатмалары белгиленет, режимди жана дозаны сактап, өмүр бою көзгө тамчылатып турууга туура келет!

Көздүн ичиндеги суюктуктун бөлүнүп чыгуусун же ал суюктуктун иштелип туруусун азайтуу 10 мүнөттүк глаукоманы лазердик дарылоо, тактап айтканда – лазердик трабекулопластика же лазердик иридотомия натыйжалуу калыбына келтирет.

Тамчылатмалар же лазер жардам бере албай калганда, глаукомага каршы микрохирургиялык операция зарыл керектүү. Бирок ал көздүн көрбөй калуусун калыбына келтирбесе да (көрүүчү нерв бузулуп, калыбына келтирүүгө болбой калганда), андан аркы жөндөмдүүлүктү сактап калууга болот.

Глаукома менен жашоо бир топ чектелүүлөр менен коштолот, врачтын бардык көрсөтмөлөрүн кыйшаюусуз сактоо талап кылынат, көз клиникасына дайыма барып туруу керек.

  • Квартал сайын – көздүн ички басымынын деңгээлин көзөмөлдөө үчүн,
  • Жыл сайын – көрүү аянтын жана көрүүчү нервдин абалын баалоо үчүн.

Мына ушинтип гана көрбөй калууну токтотууга болот! Глаукома өзүнө аяр мамиле жасабаганды кечирбейт!

Комментарии (0)

Нет комментариев

Оставьте свой комментарий

  1. Вы комментируете как гость
0 Characters
Вложения (0 / 3)
Share Your Location