Ленивый глаз, амблиопия

“Жалкоо көз” – “Сокурек” – анчалык деле көңүл оорутпаган сөз болгону менен, коркунучтуу дарт!

“Сокурек”(сокурайып, окурайып кароо) “жалкоо көз” –  амблиопия (көрүүнүн начарлашы) деген дарттын эл арасында кеңири айтылышы.

Амблиопияда (көрүүнүн начарлашы) адамдын бир көзү (кээде гана – эки көзү тең) начар көрөт же таптакыр көрбөй калат. Көздөр өтө ар түрдүү сүрөттөлүштөрдү көрүп, мээ аны бир көлөмгө батыра албай, көздүн начар сапатта жиберген визуалдык (боолголоо) маалыматын кабыл албай коёт. Натыйжада, көздүн бирөөсүнүн иши “басмырланып” солгундап, ал “сокурек” (“жалкоо көз”) абалга ээ болот.

Амблиопиясы (көрүүнүн начарлашы) бар адамдарда буюмдун (нерсенин) көлөмүн жана формасын, эки чекиттин аралыгы жана мейкиндиктин түпкүрүн аныктоого жардам берүүчү  бинокулярдык (стереоскопиялык) көрүү  (дүрбү сымал чоңойтуп көрсөтүүчү) жок болот.

Амблиопия  көз менен баш мээнин нормалдуу байланышынын бузулушунан улам пайда болот. Бул –  көз торчосунан мээдеги көрүү борборуна чейинки жолдордун кайсы бир бөлүгүндө нейрондордун өз ара “байланышпай”  калганына окшошуп кетет. Амблиопия (көрүүнүн начарлашы) бала чакта, мээ али кантип көрүүнү “биле электе” өнүгө баштайт.

Амблиопияга  өтө көп себепкер болгон нерсе – чалырлык: көз алдындагыны дайыма эле эки ачалантып көрө берүүнү өрчүтө бербей, баланын мээси кылыйып караган көздү басып таштайт, натыйжада, сокурайып карап калат.

cicle 01 kg 02

Башка себептердин ичинде – рефракциянын бузулушу (жакынды начар, ыраакты жакшы көрүү; ыраакты начар көрүү же астигматизм - шооланын көзгө бирдей чагылышпаганы), ошондой эле көз торчосуна сүрөттөлүштүн илингенине жолтоо болгон патология (ооруу) – мисалга, тубаса катаракта (чечекейдин тунарышы) же көздүн өйдөңкү кабагынын түшүшү (птоз) да бар.

Амблиопиядан айыктыруу үчүн, баарынан мурун аны пайда кылган себептерин жоюу керек, анан гана өнүкпөгөн “жалкоо” көздү “ойготуу” керек. Буга  окклюзия (соо көздү убактылуу окклюдер (бетине дары сыйпалган чүпүрөк -пластырь менен жабуу же таңуу) жана пенализация (дурус көрө турган көзгө, убактылуу пенализациялоочу (жабуучу) көз айнектерди тагуу) жасоо жардам берет.

Эгер амблиопияны баланын көрүүсү өнүгүп бүтө электе, 8-9 жаштарга чейин жойсо, анда көрүү калыптанып калат. Эгер убакытты өткөрүп жиберсе – көрүүнү жакшыртууга болбой калат, анткени, көздүн “үргүлөгөнү” өтө узак убакытка созулуп кеткенде кыйын болуп калат.

Оорунун арамзалыгы – “сокурек” сыртынан берки көздөн эч айырмаланбайт, ал эми балдар начар көрүп жатканына кээде гана даттанышат, себеби, алар айланасы чынында кандай көрүнөрүн али билишпегендиктен, көрүүнүн бузулушуна көнүп, ыңгайлашып калышат. Негизи, эгер балаңыз көзүнүн көрүүсүнө даттанбаса эле – анын көрүүсү жакшы экен деп эсептегенге болбойт!

Баланын көзүнүн көрүүсүнүн начарлаганын билбей кечигип калбоо үчүн, ата-энелер ар жыл сайын сөзсүз түрдө баланын көзүн офтальмологиялык бейтапканадан (клиника) алдын ала текшерүүдөн өткөрүп туруусу керек!

Комментарии (0)

Нет комментариев

Оставьте свой комментарий

  1. Вы комментируете как гость
0 Characters
Вложения (0 / 3)
Share Your Location