Глаукома менен ооруган бейтаптардын эсине

Урматтуу бейтап!

Сизге глаукомага байланыштуу операция жасалышы керек. Операция көздүн ичиндеги басымды төмөндөтүүгө багытталат жана ооруканада бир нече күн жаткандан соң сиз үйүңүзгө чыгасыз. Германия, АКШ жана Япониядан алынып келген жабдуулар, бир эле ирет колдонуучу каражаттар эң сонун натыйжаларды берет, оорунун татталдашуусун алдын алат жана операциядан кийинки убакытты кыскартат.

Глаукома оорусуна байланыштуу токтоосуз хирургиялык дарылоого даярданууда бейтап жашаган жери же адистештирилген клиникаларда берилген тизмеге ылайык  жалпы ден-соолугу туурасында медициналык текшерүүдөн өтүшү зарыл.  Андан соң "Көз микрохирургиясы" Госпиталында анестезиологдун кеңешин алууга тийиш. Медициналык текшерүүлөрдүн жыйынтыгын ала келүүңүз зарыл.

Операцияга бир күн калганда белгиленген тартипте бекитилген баага ылайык "Көз микрохирургиясы" Госпиталынын кассасына акы төлөнүшү керек.

Ооруканага жатаардын алдында сиз операцияга макул экендигиңиз туурасындагы кагазга кол коесуз.

Операцияга чейинки даярдыктар жана операциядан кийинки дарылоо үчүн сөзсүз түрдө колдоно турган кээ бир дары-дармектер сунуш кылынат.

Операцияга чейин сөзсүз түрдө жакшы эс алуу, узак уйку керек.

Операция болор күнү эртең мененки тамакты ичсе болот жана күн сайын ичип жаткан дарыларды ичиңиз. Глаукомага байланыштуу тамчылатма дарыларды көзгө тамчылатууну сөзсүз улантуу керек. Операциядан соң көзгө дары тамчылатуу режими кайрадан жөнгө салынат.

Сиз клиникага өз убагында келишиңиз зарыл жана жаныңызда алмаштыруучу бут кийим, пахтадан токулган таза кийимдердин топтому (көйнөк менен шым) болушу керек.

Хирургиялык операция жергиликтүү анестезия астында жүзөгө ашырылат. Талап кылынган убакыт 30-40 мүнөт. Операциядан соң көзгө таңуу коюлат жана ал кийинки күнгө чейин алынбоого тийиш.

Операциядан кийин белгиленген көрсөтмөгө ылайык, көзгө тамчылатуучу тамчылатма дарыны операция болгон көзгө тамчылатууну уланта бересиз.

Көз таңууну операциядан кийинки 3 күндө сөзсүз тагынуу керек. Көчөдө 7-10 күн боюу көздүн таңуусун албоо сунуш кылынат.

Эгерде операциядан кийинки биринчи күндөрү жарыкты кароо кыйындыкты жарата турган болсо, анда күндөн калкалоочу көз айнек тагынсаңыз болот. Жуунууда 10 күнгө чейин операция болгон көзгө суу тийгизбөө керек. Операция болгондон 7 күн өткөндөн кийин гана башты жууса болот.  Операциядан кийин 5 күндөн соң сыналгы көрүп, китеп окууга болот.
Тамактануу кадимки эле режимде болсо болот, бирок тамак сиңирүүнү кыйындаткан жана ичти катырган , ошондой эле өтө туздуу тамак-аштардан (айрыкча, алгачкы күндөрү) оолак болуш керек. Операциядан кийин 10 күндүн ичинде операция болгон көз тарапкы капталдан жатып уктоого, спирт ичимдиктерин ичүүгө, эңкейип иштөөгө, 5 кг жогору жүк көтөрүүгө тыюу салынат.

Операция болгон күндүн эртеси эртең менен контролдук текшерүү жүргүзүлөт. Текшерүүдөн соң оорулуунун үйгө чыгуусу үчүн тиешелүү кагаздар толтурулат. Сиз колуңузга тамчылатып куюлуучу дарылар, башка кабыл алуучу дары-дармек (зарыл болгон учурда), доктурга келе турган кийинки сапарыңыздын датасы боюнча аныктаманы аласыз. Кызматтагы бейтаптар үчүн операция болгон күндөн тартып дарыланган убакыт боюу  (14 күн) медициналык тастыктама баракчасы аркылуу өргүү берилет.

Ооруканадан чыккандан кийин сиз операция болгон көзгө дары тамчылатуу менен өз алдыңызча дарыланууну уланта аласыз. Же болбосо туугандарыңыздын жардамын сураңыз. Колду самындап жууп, операция болгон көздүн ылдыйкы тарабындагы бетти ылдый тартуу менен пайда болгон көздөгү көңдөйчөгө дарыдан бир тамчы тамызуу керек. Бул учурда жогорку тарапты карап туруу зарыл. Көздү стерилденген бет аарчы менен аарчыгыла. Көзгө куюула турган дарыны башка дарылар менен алмаштырып албоо үчүн бөлөк сактоо зарыл.
Бардык тамчы дарылар бир күн ичинде үзгүлтүксүз, өз убагында, ар бир тамчы дары 1-2 тамчыдан 5-15 мүнөт тыныгуу менен куюлушу  шарт. Гэлди ар дайым акыркы иретте тамчылатуу зарыл.

7 - 10-күндөн соң тигиштер алынып салынат.

Тез арада сакайып кетишиңизди каалайбыз!

Комментарии (0)

Нет комментариев

Оставьте свой комментарий

  1. Вы комментируете как гость
0 Characters
Вложения (0 / 3)
Share Your Location