patient

Сиздин көрүүңүздө көйгөй барбы?

Көз доктурдун (офтальмолог) кеңеши керекпи, текшерилесизби же операциягабы?

doctor

Биз сиздин көйгөйдү чечебиз!

Бизде бардык зарыл керектүүлөр бар: врачтар, медициналык жабдыктар жана бай тажрыйба.

СУРООЛОРГО ТЕЗ ЖООП УЧУН

instagram

Оорукананын Instagram баракчасында түз
- жооп 1 саат

fb

Оорукананын ФБде чат
- жооп 10-15 мүнөт

fb

WhatsApp +996 555 510781
- жооп 10-15 мүнөт

fb

Сайтта баарлашуу (төмөнкү оң)
- жооп 10-15 мүнөт

Көз микрохирургиясы Госпиталы – Кыргызстандын жана Орто Азиянын эң алдыңкы клиникасы

Доктор А.Исманкуловдун көз микрохирургия госпиталы – көрүүнү коррекциялоо боюнча кызматтын бардык топтомун (комплекс) көрсөтүүчү Борбор Азиядагы бирден бир медициналык мекеме.

Госпиталдын негизги кызматтары:

  • көрүүнү комплекстүү диагностикалоо.
  • көз ооруларын дарылоо – алыстан, жакындан көрбөй калуу, глаукома. астигматизм, катаракт ж.б.;
  • көрүүнү калыбына келтирүү жана жакшыртуу боюнча приборлар;
  • көрүүнү оңдоочу заманбап усулдар.
  • ФРК–Lasik лазердик операциялар

Госпиталда бай тажрыйбалуу жана кубаттуу теоретикалык базага ээ болгон жогорку квалификациялуу врачтар дарылашат жана операция жасашат. Госпиталь диагноз коюу жана операция жасоо үчүн Орто Азияда алдыңкы офтальмологиялык жабдыктар менен жабдылган эң мыкты прибордук базага ээ.

  • Бишкектин борборунда жайлуу заманбап клиника
  • Кесипкөй (квалификациялуу) 30 врач
  • Бөтөнчө (уникалдуу) жабдыктардын 30га жакын түрү
  • Офтальмологияда 30 жыл иш тажрыйбасы бар (1995-ж. бери)
  • 200 000ден ашык операция жасалды
  • Европа жана Азиянын 50 өлкөсүнөн бейтаптар кайрылган

Кеп-кеңеш жана диагностика керекпи?

Image
Исманкуловдун Госпиталында диагноз коюунун түрлөрү

Алдын ала текшерилүү: рефрактометрия, визометрия, тонометрия, биомикроскопия, офтальмоскопия, врачтын кеп-кеңеши.

Катарактка диагноз коюу: рефрактометрия, кератометрия, визометрия, тонометрия, пахиметрия, эхобиометрия, жасалма чечекейдин (хрусталик) өлчөмүн алуу, биомикроскопия, офтальмоскопия, врачтын кеп-кеңеши.

Глаукомага диагноз коюу: рефрактометрия, кератометрия, визометрия, тонометрия, пахиметрия, эхобиометрия, периметрия, ретинальная томография (HRT), биомикроскопия, гониоскопия, офтальмоскопия, врачтын кеп-кеңеши.

Көз торчосуна диагноз коюу: рефрактометрия, визометрия, тонометрия, көзгө УЗИ, периметрия, көздүн түбүнүн санарип сүрөтү, биомикроскопия, офтальмоскопия, врачтын кеп-кеңеши.

Көз жаракатына диагноз коюу: рефрактометрия, визометрия, тонометрия,көзгө УЗИ, периметрия, көздүн түбүнүн көздүн алдыңкы бөлүгүнүн санарип сүрөтү, биомикроскопия, офтальмоскопия, врачтын кеп-кеңеши.

Операция керекпи?

Image
Исманкуловдун Госпиталында жүргүзүлүүчү операциялардын түрлөрү
  • Катаракт хирургиясы:
    • жасалма чечекейди салуу менен катарактыны факоэмульсификациялоо.
  • Лазердик хирургия:
  • көрүүнү лазердик коррекциялоо (LASIK, ФРК),
  • торчону лазердик дарылоо,
  • глаукоманы лазердик дарылоо.
  • Торчо катмарын хирургиялык жол менен дарылоо:
  • арткы витрэктомия.
  • Глаукоманы хирургиялык жол менен дарылоонун бардык түрү.
  • Чалырды дарылоо хирургиясы.

Сапаттуу көз айнек жана контактуу линзалар керекпи?

Image

Исманкуловдун Госпиталында Исманкуловдун Оптика салону иштейт. Мында дүйнөлүк белгилүү брэнддердин сапаттуу көз айнектери бар.

Биздин Оптикада диоптрия линзасы үчүн, күндөн калкалоо үчүн жана ошондой эле аларды айкалыштыруучу көз айнектердин түрлөрү көп.

Көз айнектин алкактарынын көптөгөн түрлөрү бар.

Исманкуловдун Оптикасында жогорку диоптриялык 12,00 дөн -20,00гө чейинки сапаттуу контакттуу линзалары бар.

Биздин Оптикада ошондой эле көз айнектер жана контакттуу линзалары үчүн оптиканы сактоо жана тазалап турууга керектүү болгон бардык аксессуарлар табылат.

Көз айнек
  • Ray-Ban
  • Rodenstock
  • Silhouette
  • Versace
  • Giorgio Armani
  • Dolce&Gabbana
  • IC! Berlin
  • MIU MIU
  • Vogue жана башкалар

Диагностика жана операция үчүн биздин жабдыктар

Image

Исманкуловдун Госпиталындагы жабдыктардын түрлөрү

Көз микрохирургиясы Госпиталында заманбап офтальмологиянын жетишкендиктери жана алдыңкы технологиялар, алдыңкы медициналык фирмалардын бир гана ирет пайдаланылуучу өндүрүш материалдары колдонулат.

Комплекстик диагностикалык текшерилүү – дарылануунун өтө маанилүү этабы болуп саналат. Биздин адистер көз дартын башталгыч стадиясында эле аныктап, көрүү функциясына али билинерлик таасир эте электе эле дарылап баштайт.

Биз дүйнөлүк «Tomey», «Topcon», «Zeiss», «Heidelberg Engineering» өндүрүшчүлөрүнүн акыркы чыккан түркүн диагностикалык жабдууларын пайдаланабыз. Алар көрүүнү 50дөн ашык ар түркүн тест менен аныктай алат.

Диагностика үчүн жабдуулар
  • «Heidelberg Engineering» фирмасынын The Heidelberg Retina Tomograph II (HRT II) – көз сегментинин арт жагын сүрөткө тартуу жана үч эселенген сүрөтүн анализдөө үчүн лазердик сканерлөөчү система. HRT II ни эң бир маанилүү учурда клиникалык пайдаланышат, көз нервинин баш жагындагы нервдин глаукоматоздук бузулушун аныктоо жана глаукоманын өнүгүшүн байкоого алыш үчүн.
  • «Zeiss» фирмасынын анализатору – көздүн көрүүсүн изилдөөчү, көрбөй калууга алып келүүчү негизги оорулардын өрчүшүнө баа берүүчү прибор.
  • «Topcon» фирмасынын Авторефрактометр RM-A 7300 – көздүн рефракциясын жана каректин оптикалык күчүн (кератометрия) ченейт.
  • «Zeiss» фирмасынын IOLMaster – көз огунун узундугун, каректин кыйшаюусун жана көздүн алдыңкы камерасын өлчөөчү, ошондой эле интраокулярдык линзаны эсептөө үчүн колдонулуучу прибор.
  • «Topcon» фирмасынын SP-2000P моделиндеги эндотелиалдык микроскобу – каректин эндотелиалдык клеткаларын сүрөткө тартуу жана анын калыңдыгын өлчөөчү прибор.
  • «Topcon» фирмасынын CT-60 компьютердик тонометри – көздүн ички басымын өлчөйт.
  • «Tomey» фирмасынын A/B UD-6000 ультраүндүү сканери көздүн кеңдигин, каректин калыңдыгын изилдөө үчүн, ошондой эле көзгө УЗИ жасоо үчүн колдонулат.
  • «Humphrey» фирмасынын периметри көрүү кеңдигин, түстүү периметрди өлчөйт, глаукоманы тестирлейт.
  • «Titmus» көп функционалдуу прибору көздүн курчтугун, мүнөзүн өлчөө үчүн, билинбеген чалырлыкты тестирлөө жана түстүү көрүнүштү (дальтонизмди аныктоо) тестирлөөдө колдонулат.

Пациенттердин дайыма берилүүчү суроолоруна жооптор

Image
«Көздүн микрохирургиясы» Госпиталы кайсы жерде?

Госпиталь бул даректе жайгашкан: Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү, 5 (мурдагы Советский), тагыраагы – Б.Байтик көчөсүнөн 300 метр аралыкта жайгашкан Жантөшев көчөсүндөгү №6 оорукананын аймагында жайгашкан.

Жакынкы аялдамалар - «Физприбор» жана «Мединститут».

Эгер шаардын борборунан келаткан болсо, Совет жана Жантөшев көчөлөрүнүн кесилишинен солго бурулуш керек.

Эгер кичирайондор жактан келе жаткан болсо, албетте оңго бурулуусу зарыл.

Тордомо кашааны бир аз бойлоп басып дарбазага чейин барсаңыз, анын артындагы үч кабаттуу Госпиталдын имаратын көрөсүз.

Координаттар жана контакттар

Дареги: Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү, 5

Мобиль/вацап: +996 (555) 51 07 81
Телефон: +996 (312) 51 07 81
Автожооп берүүчү: +996 (312) 51 07 83

Email: ismankulov@mail.ru

Госпиталдын иштөө режими:

  • Дүйшөмбүдөн жумага чейин - 8.40 дөн 16.00,
  • Ишемби - 8.40 дөн 14.00 түшкү тамактануусуз,
  • Жекшемби дем алыш күн.

БИЗ СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДАБЫЗ

Биздин клиенттердин пикирлери