Урматтуу бейтап!
Сиз Катаракта оорусуна байланыштуу дарыланууңуз керек. "Көз микрохирургиясы" Госпиталында операция ультраүндүү факоэмульсификация жолу менен жүзөгө ашырылат. Бул дүйнө жүзүндөгү клиникаларда колдонулуучу эң натыйжалуу жана заманбап ыкма болуп саналат. Биздин клиникада АКШ, Германия жана Японияда жасалган заманбап жабдуулардын жардамы менен жогорку квалификациялуу хирургдар операция жасашат.