Дакриоцистит. Не опасные слезы, которые чреваты осложнениями

Дакриоцистит. Кыйынчылыктарга дуушар болуу кооптуу көз жаш эмес

Ар дайым биз эки баштык көз жашты көтөрүп жүрөбүз! Мурун менен көздүн ички бурчунун ортосундагы ткандардын калыңдыгында тырмак сымал кичинекей боштук бар – көз жашынын баштыкчасы. Бул көз жашыбыздын кичинекей кампасы, алар жаш бездерин чыгарат.

Көз жашынын баштыкчасынан канал аркылуу көзгө жана мурун көңдөйүнө жаш агат (ошондуктан биз ыйлаганда мурунду шурулдатып тартып алабыз). Эгерде көздөн жаш агызуучу канал тосулуп калса, суюктук топтолуп, туруп калат.

Туруп калган курамда бактериялар көбөйө баштайт, бул сезгенүүнүн - дакриоциститтин өнүгүшүнө алып келет. Жалпысынан алганда, дакриоцистит – көздөн жаш агызуучу түтүктүн тосулушунан улам көздүн жаш баштыгынын сезгениши.

Дакриоциститтин алгачкы белгилери – көздүн ички бурчундагы шишик жана аны баскандагы пайда болгон жагымсыз сезимдер байкалбай да калышы мүмкүн. Андан кийин бул белгилерге жаштын тешикчелеринен аз өлчөмдөгү киргил заттардын (же ириңдин) чыгышы кошулат. Жаштын баштыкчаларынан ашып-ташып кетишинен улам, барсайып чыккандай жана сайгылашуу сезими пайда болот.

Оорунун дагы бир мүнөздүү белгиси – бул, жаш агуу. Көздүн жашы дайыыма эле “көздө тура берет”, анткени ал сиңип кете албайт жана мурун көңдөйүнө да кетпейт, ошондой эле мезгил-мезгили менен кирпик аркылуу жаактан ылдый булактап жаш агат! Жалпысынан алганда, дакриоцистит азап чегүүгө деле алып келбейт, ошондуктан көптөгөн бейтаптар көзүндөгү көйгөйлөрдү байкаса да, офтальмологго барбай коюшат. Бирок бекер!

Эгерде дакриоциститти дарылабаса, анда ириңдеп кабылдап кетиши мүмкүн - ириңдөө же ал тургай теринин асты ириңдеп сезгенип кетет (флегмон). Бул – дарылоого кыйын болгон өтө кооптуу абал, айрыкча, флегмон, ириңдүү сезгенүү тез арада эле ар тарапка "жайылып" кетет.

Жаш баштыкчасынын сезгениши көбүнчө ымыркайларда (жаңы төрөлгөн) пайда болот: баланын көзүнүн ички чети шишип, кызарып кетет, көз сезгенгендей көрүнөт, андан жаш агат, көз тынымсыз сууланат, уйкудан кийин "кычкылданып" калат. Көздүн бурчуна жумшак басым жасаганда жаштын тешикчелеринен былжырлуу же ириңдүү суюктук чыгат.

Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын дакриоцистити өзгөчө, ал дагы башка бир себептен көрүнөт: төрөлө элек баланын жаш жана мурун каналынын жылчыгы былжырлуу тыгынга толуп, ал эми чыга турган жери чел менен жабылган. Бул аны түйүлдүктөгү тондун жанындагы суюктуктан (амниотикалык) сактоо үчүн керек. Төрөлгөндө, биринчи дем алганда жана ыйлап түшкөндө бул чел жарылып, жаш-мурун каналы өткөөлчө болуп калат. Бирок кандайдыр бир себептерден улам андай болбогон болсо, анда көздөн жаш акпай, көздүн ичинде, жаш баштыкчасына топтолуп калат жана көбүнчө бул баштыкчага инфекция кошулат.

Көздүн сезгенип, ириң бөлүнүп чыгышынан улам конъюнктивит деп ойлоп, ымыркайлардын энелери чоң энелердин тажрыйбасына таянып, өздөрү дарылай башташат: көзгө эненин эмчек сүтүн тамызуу сыяктуу сезгенүүнү күчөтүүчү жапайы ыкмалар колдонулат, анткени бактериялар үчүн булар эң сонун азык!

Балаңыздын көзүн тобокелге салбаңыз, өз алдынча дарылабаңыз!

Албетте, ымыркайлардын бул дартын дарылоо жөнөкөй жана сөзсүз зарыл, бирок дагы деле хирургиялык кийлигишүү - көздүн жаш-мурун көңдөйчөсүн зонд менен жууп текшерүү керек. Бир караганда, бул процедура кыйла эле коркунучтуу - бирок, эреже боюнча, ал оорутпайт, болгону жагымсыз.

Кээде мындай процедура дакриоцистит менен ооруган чоң кишилерге да дайындалат. Жалпысынан алганда, дакриоциститти өз алдынча дарылоо маанисиз жана мүмкүн болгон кыйынчылыктарды эске алганда, бул кооптуу дагы – балдар үчүн да, чоңдор үчүн дагы.

Андыктан дакриоциститтин алгачкы белгилери байкалганда, квалификациялуу офтальмологго кайрылуу керек!

Комментарии (0)

Нет комментариев

Оставьте свой комментарий

  1. Вы комментируете как гость
0 Characters
Вложения (0 / 3)
Share Your Location