Кант диабети менен жапа чеккендердин көпчүлүгү, алардын ооруусу эртедир-кечтир көз торчосундагы кан айлануунун бузулушунан улам көзүнүн көрбөй калуусуна себепчи болорун билет. Мындайынча айтканда, диабетиктерде жылдардын өтүшү менен диабеттик ретинопатия өнүгүшү шексиз.
Көп убакыттар бою кандагы канттын жогору болушунан улам көз торчосун кан менен жабдуучу тамырлардын капталдары морт болуп, өткөргүчтүгү күчөйт жана канды туура жеткире албай калат: кайсы бир бөлүгү куюлуп кетип, торчонун ар жерине кан уюп жана тери астына сарыгып шишикти пайда кылат. Алар жаңы башталган кезде, көз торчосу өзүнүн функциясын сактап, көрүү салыштырмалуу нормалдуу эле болот. Бул стадия пролиферативдик эмес (непролиферативная) ретинопатия деп аталат.
Биздин кан бардык ткандарга жана органдарга жашоого эң керектүү кислородду жеткирет, бирок узак убакыттар бою диабет болгондордо кислородду жана азык заттарды көз торчонун ткандарына жеткирүү процесси бузулат. Торчого кислороддун жетишсиздигин (гипоксия) эптеп жөнгө салуу үчүн организм ал жерде жаңы тамырларды жасайт (торчону неоваскуляризациялоо).
Анысы го жакшы болмок, бирок жаңы пайда болгон бул тамырлар, жумшак айтканда, баштагы тамырларга караганда өтө морт келет. Жаңы тамырлардан торчого жана айнек сымал телого (көздүн түбүндөгү килкилдек (гель) зат) кан ого бетер көбүрөөк куюлуп, көрүү андан ары тездик менен начарлап кетет. Бул эми пролиферативдик ретинопатия болмокчу.
Ооруунун күчөнүүсү менен тамырлар улам көбүрөөк начарлай берет, кан куюлуу көбөйүп, торчодо бириктиргич ткань пайда болуп, тырыкка айланат. Тырык торчону катуу куушуруп, торчо кабат-кабат болуп катмарланып калат да, ошентип көз биротоло көрбөй калат.
Жалпылап айтканда, алгач анда-мында кан куюлуп кетүү менен пайда болгон диабет ретинопатиясы торчонун катмарланышы жана айрылышына чейин алып барып, акыры сокурдукка чейин жеткирет.
Муну менен оорунун башкы арамзалыгы мында турат, ооруу билинбей жашыруун башталып, өнүгүшү жана күчөшү да ооруксунтпайт жана эч белги бербейт: адамдар эскертүү белгилеринен болгон бүдөмүк көрүү, тунаруу жана бир аз убакыттан кийин өзү эле жок болуп кетчү көз алдында калкып турган тактарга анчалык деле маани бере беришпейт.
Көпчүлүк адамдарда оору күчөп, өтө оор стадиясына келгичекти эч кандай симптомдор байкалбайт деле, ал барып-барып көрүүнү начарлатып, сокурдукка алып барат.
Антсе да, эгер бейтап (кант оорусу) эч кандай белгини сезбесе да, офтальмолог көзгө текшерүү жүргүзүү менен аны көрө алат.
Диабет менен жабыркаган ар бир киши, керек болсо эч кандай даттануусу жок эле, торчодогу өзгөрүүлөрдү аныктоо максатында офтальмологдордун текшерилүүсүнөн дайыма үзгүлтүксүз өтүп турушу зарыл.
Өз убагында дарылоону баштоо диабет ретинопатиясын басаңдатып, керек болсо – көрбөй калууну токтотот!