Гемофтальм. Айнек сымал телого кан куюлуу коркунучтуу

Гемофтальм. Айнек сымал телого кан куюлуу коркунучтуу

“Көзү канга толуп чыкты...” Адатта, бул жөн гана катуу ачуулануу абалындагы адам жөнүндө сүрөттөлгөн апыртма. Бирок жөн жеринен минтип айтылган эмес: катуу ачууланганда кан басымы көтөрүлөт, андан улам көздүн алдыңкы бетиндеги кан тамыр жарылып кетиши мүмкүн – мындан улам көздүн тунук бетинин астында кан агуу пайда болот (субконъюнктивалдык кан агуу).

Кандай гана коркунучтуу көрүнбөсүн, көпчүлүк убактарда бул абал дегеле зыянсыз, ал эч оорубайт деле, көрүү да бузулбайт. Бул, көздүн сырты жайыла көгөргөндөй көрүнөт, башка эч нерсе жоктой. А кээде чыны менен эле көзгө кан толуп кеткен сыяктуу – бирок, андай көрүнбөйт, көрүү үчүн бул өтө коркунучтуу! Сөз көздүн көп бөлүгүн ээлеген айнек сымал тело тууралуу болуп атат. Бул гемофтальм деп аталат.

Айнек сымал тело – бул, торчого жабышкан түзсүз тунук былжыр (желе). Анын өзүндө кан тамырлар жок, тамырлар торчодо бар. Айнек сымал телодогу кан, торчонун кан тамырчаларынын жабыркашынан улам келип чыгат. Анын келип чыгыш себеби өтө көп, бирок алардын үчөөсү эң көп жолугат: артериалдык кан басымдын көтөрүлүшү, көздүн жабыркашы жана торчонун кан тамырларын морт болуп кала турган абалга жеткирген диабеттик ретинопатия.

Кан куюлгандыктан улам, айнек сымал тело тунук болбой калат. Мына ушунун өзүндө көйгөй жаралат: жарык торчого жетпейт, ошентип көз көрбөй калат!

Бул адатта күтүлбөгөн жерден болот. Ошол эле учурда, көз кадимкидей көрүнүшү мүмкүн, башкача айтканда, көздүн сырткы, көзгө көрүнгөн кызаруусу жок, жана эч кандай оору да жок (көздүн жабыркашынан башка учурларда). Белгилердин (симптом) дааналыгы айнек телодогу кандын көлөмүнө жараша болот: "Калкып жүргөн" кара же кызыл темгилдердин жана көлөкөлөрдүн пайда болушунан тартып, көздүн алдындагы "туман" - көздүн көрүүсүн жоготууга чейин алып барат.

Эртең менен, уйкудан турган адамдын көрүүсү жакшырып калат, анткени, кан түнү менен көз чарасынын ылдыйкы бөлүктөрүнө тунуп калат.

Куюлган кан көлөмүнө жараша үч даражага бөлүнөт гемофтальма:

  • аз-аздап, жарым-жартылай(айнек сымал телонун 1/3 көлөмү),
  • субтоталдык – жалпы (3/4кө чейин),
  • тоталдык – бардыгын ичине камтыган (¾дөн ашык ).

cicle 16

Айнек сымал телонун составынын өзгөчөлүгүнөн улам кандын таралышы өтө жай жүргөндүктөн, анын чириген азыктары айнек сымал телонун тунуктугун бузат, анан да алар уулуу эффектке ээ, ошонун аркасында айнек дене жок болуп, торчонун фоторецепторлору олуттуу жабыркашы мүмкүн. Торчо менен айнек дененин ортосунда тыгыз тартылуу пайда болгондугуна байланыштуу, тордун тартылуу катмары пайда болушу ыктымал.

Мына ошондуктан, бир канча убакыттан соң гемофтальма (өзгөчө субтоталдык жана тоталдыктан кийин) адамга көздүн витреоретиналдык операциясы керек болушу мүмкүн: айнек денеден уюган канды алып таштап, анын ордуна торчону тарткан жана анын сынып, ажырашына алып келүүчү тырыктарды кесип өтүүчү жасалма жарык өткөрүүчү материал менен алмаштыруу. Кан кетүү булагын жок кылуу үчүн торчонун лазердик коагуляциясы талап кылынышы мүмкүн.

Божомол айнек денеге бөлүнүп чыккан кандын көлөмүнө жана дарылоо башталган баскычка жараша болот. Кандай болгон күндө да, өз убагында офтальмологго кайрылуу – көрүү мүмкүнчүлүгүн калыбына келтирүүнү жогорулатат!

Комментарии (0)

Нет комментариев

Оставьте свой комментарий

  1. Вы комментируете как гость
0 Characters
Вложения (0 / 3)
Share Your Location