Көздүн саламаттыгынын эң олуттуу көйгөйлөрүнүн бири – торчонун катмарланышы. Көрүүнү калыбына келтирип жана көздү сактап калуунун бирден бир ыкмасы – кечиктирилгис офтальмологиялык операция!
Дайыма биздин көздү фотоаппарат менен салыштырышат, андагы “обьективдин” кызматын – көздүн тунук катмарчасы, чечекей жана айнек сымал зат аткарат: алар көзгө түшкөн жарыктын нурларын өткөрөт жана сындырат.
Жарыкка сезимтал тасманын кызматы торчого жүктөлгөн. Ага биз эмнени көрсөк, ошонун баары чагылдырылат, а нерв жипчелери боюнча сүрөттөмөлөр көрүү нервдери аркылуу баш мээге берилет. Бөлмөнүн дубалдарын каптаган туш кагаздары (обои) сыяктуу торчолор да көздүн ички капталдарын каптап турат.
Торчонун катмарланышы – бул, торчо азык алып жаткан кан тамырлуу кабыктан ажыроо процесси болуп саналат. Оорубаган соо көздө бул чел кабыктар бири-бири менен тыгыз жабышкан абалда жайланышкан болот.
Торчонун катмарланышынын себептеринин көбүндө – ал жарылып кетет, анан айнек сымал заттан аккан суюктук торчого кирип жана аны кан тамырлуу кабыктан катмарлантып ажырата баштайт.
Ал эми жарылуунун себеби – көп! Алысты жакша көрө албагандан улам көз алмасынын көлөмү чоңоюп кетүүдөн улам болушу ыктымал, көз жаракаты (көзгө урулуу) же айнек сымал телого кан агуу (гемофтальм) жана диабеттик ретинопатия.
Акыркысы (диабеттик ретинопатия) торчонун жарылуусу жана катмарлануусунда алдыңкы катарда келет. Муну түшүндүрүү жеңил: диабетиктерде барып-барып торчонун кан тамырларынын морт болуусу күчөй берет, алар жарыла баштайт, айнек сымал телого кан куюлат, алар тыгызданып, булуттанып калат, башкача айтканда, тыгыздалган жипчелер, алар тордун бир четине бекитилгенде, жана көз жылганда аны өйдө тартат да, жулуп кетет. Ошондуктан, аны торчонун тракциялык катмарланышы деп аташат.
Ошентип, көздүн торчосунун катмарланышы болгон же катмарлана баштады. Буларды кайсы белгилер менен биле алабыз? Торчонун катмарланышы капыстан жана эч оорутпай жүрөт!
Эгер сиздин көзүңүздө жаркылдаган учкундар, от тегерекчелери пайда болуп, чагылгандай жарк-журк этсе же ушуга окшош нерселер болсо; көз алдыңыз пардаланып же калкыган кара чекиттер же темгилдер пайда болсо; бир көзүңүздүн көрүүсү начарлап же көрбөй калса же капталдап – жан-жагынан (перифериялык) көрбөй калса; түз эле турган предметтин кыйшайып, формасы ийрейип көрүнсө – булардын баары торчонун катмарланышынын мүнөздүү белгилери.
Таң калыштуусу, заматта эле ушунча “бир короо белгилерди” таап алуунун өзү иштин оңунан чыккандыгы деп эсептелет: көздүн ылдыйкы бөлүгүнүн катмарлануусунун өрчүшүндө белгилер байкалбай, акырындык менен пайда болот, ооруу да узак убакыттар бою байкалбаганы менен коркунучтуу. Ал эми көздүн үстүңкү бөлүгүнүн катмарланышында көрүү бир заматта начарлап кетет, суюктук ылдый түшүп, ички мембрананын төмөнкү бөлүмдөрүн кан тамырдан бөлүүгө түрткү берет. Мындай учурда адамдар офтальмологго тезинен кайрылышат жана жардамды да тез алышат.
Торчонун катмарланышына канчалык эрте мыкты хирургиялык дарылоо жүргүзүлсө, ошончолук жакшы натыйжаларга ээ болот, жана көрүү мүмкүнчүлүгүн калыбына келтирүү ошончолук деңгээлде мүмкүн болот.