Көздөрүңдө жаш турган сыяктуу сезилет, бирок, аарчысаңыз, кездеме купкургак го? Шектенүү керек! Бул көздүн анык катаал ооруусу – глаукоманын жападан жалгыз белгиси болушу мүмкүн.
Дагы жалганчы, көз кургак туруп эле жаш ага бергени да – глаукомага мүнөздүү жападан жалгыз белги .
Калган белгилер – көздүн бардык ооруларына жалпы тиешелүү симптомдор, ооба, алар анчалык деле сезилбегендиктен, адамдар анын коркунучун деле сезишпейт. Көздүн абдан чарчоосу, кызаруусу, кээ-кээде тунаруусу, көздүн ооруксунуусу – адамдар булардын баарын ооруунун белилери дебейт! Жөн гана көз чарчады дейт!
Биздин кимибиздин эч болбосо бир жолу көз алдыбыздан кара чымын учпады же көзүбүз бир жолу сайгылашып кетпеди? Жаш агууну да коркунучтуу белги катары көрбөйбүз – жөн эле жаш да! Балким, жөн эле көзгө бир нерсе түшүп кеткендир? Көздүн кээ-кээде ооруусу деле эч кимди шектентпейт: дайыма оорубаса, демек, коркунучтуу деле эмес! Ал эми жаркырап күйгөн жарыкты караганда кызыл-жашыл болуп кубулган тегерекчелер (гало-эффект) бизди тынчсыздандырбай эле, таң калтырат.
Баштын сайгылашкан ооруусу же каштын үстү жагынын ооруп туруусу же баштын жарымысынын ооруганын биз дегеле көз менен байланыштырбайбыз, жөн эле баш ооруунун дарысын ичип коёбуз. Качан гана көрүүнүн каптал талаасы (периферикалык) жашылданып, караңгылаганда гана көрүүбүздө бир нерсе болгонуна шектене баштайбыз!
Глаукоманы “көрүүнүн тымызын өлтүргүчү” деп аташат, себеби, көрбөй калуу процесси – акыркы стадиясына чейин, биротоло көрбөй калганга чейин, көбүнчө эч белгилерсиз жана адамга сезилбестен акырындап өтөт. Бир нече айлар же жылдар бою перифериялык көрүү (көздүн борбору эмес, капталдары) адамга билинбей эле начарлай берет. Акыры, өнүккөн стадиясына жеткен соң, көрүү аянты тарып, туннелдей куушурулуп(түтүктөй кылып оролгон кагаздан шыкаалагандай) калат. Андан кийин кайтарылгыс сокурдук башталат.
Көрүп тургандай, глаукоманын белгилери жок же жалпы симптомдорго окшош, мына ошондуктан, баарына жыл сайын офтальмологиялык текшерилүүдөн өтүү керек! Ал эми глаукома пайда болуу коркунучу бар топто тургандарда бул эки эселеп керек:
- 40 жаштан өйдөңкүлөр (улгайган сайын, коркунуч да жогорулайт);
- жакынды начар, ыраакты жакшы көрүү же ыраакты начар көрүү;
- көзгө хирургиялык кийлигишүү, көздүн ооруусу же майыптыгы – катаракт, көздүн шишүүсү, көздүн курч сезгенүүсү (увеит, кераит, склерит;)
- жакын туугандарыңдын катаракты;
- жүрөк-кан тамыр, нерв жана эндокриндик система (маселен, кант диабети) ооруусу;
- артериалдык гипертония жана гипотония;
- кортикостероиддерди узак убакыт колдонуу.
Катаал глаукомадан эч ким камсыздандырылбаган! Андан коргонуунун бирден бир жолу – дартты өз убагында табуу жана дарыланууну баштоо.